Алты ооруканада томографиялык диагностикалык борбор ачылат

Алты ооруканада томографиялык диагностикалык борбор ачылат

Бишкек шаарында Кыргызстандын саламаттыкты сактоо мекемелерине компьютердик томографтарды орнотууга багытталган мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн долбоордук келишимине кол коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүкборбору билдирди.

Келишимге ылайык,  өлкөнүн төмөндөгү чоң алты ооруканасына заманбап компьютердик томографиялык аппараттар орнотулган кабинеттер курулат: Өзгөн, Токтогул, Кадамжай, Балыкчы аймактык ооруканалары, №4 Клиникалык тез жардам ооруканасы жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык диагностикалык борбор.

Жогоруда аталган иш-чарага президенттин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Р.Сабиров, саламаттыкты сактоо министри Г.Баатырова, КММАнын ректору Г.Жумалиева, Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк борборунун директору С.Болотов, «АФЕЙ Холдинг» ЖЧКсы компаниясынын өкүлдөрү, саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары жана аталган министрликтин мекеме башчылары катышты.

МЖМӨнүн жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн өткөргөн ачык конкурсунун негизинде инвестор катары кытайлык «АФЕЙ Холдинг» ЖЧК компаниясы тандалып алынды. Инвестициянын суммасы 5 миллион АКШ долларынан ашат. Ишкана 18 айдын ичинде даярдык жана жабдууну орнотуу иштерин жүргүзөт.

МЖМӨнүн келишимине ылайык, «АФЕЙ Холдинг» ЖЧК компаниясы өнөктөш катары 15 жыл бою өзүнүн жеке каржылык ресурстарынын эсебинен техникалык кызматтарды көрсөтүп, кыргызстандык дарыгерлер менен эриш-аркак иштей турган жогорку квалификациялуу дарыгер-диагносчуларды алып келип, окутууларды жүргүзүп жана өлкөнүн дарыгерлери менен Кытай дарыгерлеринин тажрыйба алмашуусуна шарттарды түзүп берип турат.

15 жылдан соң келишимдин мөөнөтү бүткөн учурда жеке инвестор бардык объектилер менен жабдууларды Саламаттыкты сактоо министрлигинин атынан мамлекеттин толук менчигине өткөрүп берет. Ошол эле маалда, МЖМӨ борбору саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу жана Кыргызстандын калкынын саламаттыгын жакшыртуу үчүн жеке инвестицияларды тартып келүү аракетин уланта берет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>