Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Бекмурзаев энергетика министри кызматынан убактылуу бошотулду
14.09.2022 | 17:43
Доскул Бекмурзаев тергөө мезгилине Кыргызстандын энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди.
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
“Жарлыкка ылайык, Конституциясынын 66 жана 71-беренелерине, ошондой эле 89-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Бекмурзаев Доскул Жумагулович тергөө мезгилине энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди”, – деп айтылат маалыматта.
Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, энергетика министринин орун басары Ибраев Таалайбек Омукеевичке энергетика министринин милдеттерин аткаруу жүктөлдү.
Башкы прокуратура буга чейин министрге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча эки кылмыш ишин козгогон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом