Чек арадагы чыр: Кыргыз-тажик делегациялары жолугушуу өткөрүүдө

Чек арадагы чыр: Кыргыз-тажик делегациялары жолугушуу өткөрүүдө

Бүгүн, 14-сентябрда саат 16:20да Баткен районунун Радар жергесинде Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын жолугушуусу башталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Делегацияларды Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун башчылары жетектөөдө. Жолугушууга эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын бөлүм башчылары, күч түзүмдөрүнүн жана райондук администрациялардын жетекчилери катышууда.

Азыркы тапта кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда.

Бүгүн, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы Булак-Башы тилкесинде чыр чыккан. Ок атышуунун айынан кыргызстандык эки аскер кызматкери жараат алды. Андан кийин саат 14:00дөрдө Тажикстандын чек арачылары Как-Сай жергесиндеги «Достук» тозотуна ок чыгарып, ок атышуу 14:40та токтогон. Ошондой эле «Самаркандек» тозотунда да саат 15:08де ок атышуу башталып, саат 16:00гө карата токтогон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>