Аламдүдүн районуна караштуу Ленин айылында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталганын Чүй облустук Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
3-класстын окуучусу жолго чуркап чыккан. МАЗдын айдоочусу 1950-жылы туулган О.В.С. ылдамдыгын азайтууга үлгүрбөй, баланы сүзгөн.
Окуучу ошол жерден жан берген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз