Кыргызстан — Россия футболдо беттешет. Милиция эскертет

Кыргызстан — Россия футболдо беттешет. Милиция эскертет

Эртең, 24-сентябрда Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Орусиянын футбол боюнча курама командаларынын жолдоштук беттеши өтөт. Бишкек шаардык милициядан билдиришти.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бардык катышуучуларды, футбол күйөрмандарын футболдук беттеш учурунда тартипти сактоого чакырат.

Этникалык негизде кастыкты козутуу аракети же ар кандай чагымчыл аракеттер, ошондой эле бейбаштык аракеттери жасалган учурда күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

Ал эми милиция жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаралышы мүмкүн болгон учурда, ошондой эле шектүү предметтерди жана буюмдарды тапкан учурда жакынкы милиция кызматкерине же 102 кыска номуруна чалышыңыз керектигин эскертет.

Россиянын футбол курамасы  Бишкекке келген.

Жолдоштук беттеш Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Бул эки кураманын тарыхтагы алгачкы беттеши болот.

Эскерте кетсек, Россиянын футбол боюнча курамасы эл аралык мелдештерден четтетилген. Акыркы жолу алар расмий беттешти былтыр ноябрь айында өткөрүшкөн. Бирок бул тыюу салуу жолдоштук беттештерге тиешелүү эмес.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>