Быйыл 4 жолу качтык. Баткендик аялдардын арыз-муңу

26.09.2022 | 15:03

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Баткен облусунан Ош шаарына аргасыз жер которуп келген аялдар арасында сурамжылоо жүргүзүштү.

Маалыматка караганда, 25-сентябрда акыйкатчы Атыр Абдрахматова жана институттун айым кызматкерлери Ош мамлекеттик университетинин №1,3 жатаканаларында Баткен облусунун чек ара аймактарынан аргасыз качкан айымдар менен жолугуп, алардын арыз-муңун угушту.

Жатаканага Самаркандек, Миң-Булак, Көк-Жар, Кызыл-Бел айылдарынан жана Баткен шаарынан келген 44 үй-бүлөнүн айымдары жайгашкан.

Жолугушуу учурунда алар тынч элдин укуктарынын бузулуш учурларын каттап, ок атуудан жабыркагандардын кызыкчылыктарынын корголушуна мониторинг иштерин жүргүзүштү. Баткендик аялдар быйыл 4 жолу аргасыз жер которуп качышкандыктарын айтышкан.

Сурамжылоодо аялдар төмөнкү көйгөйлөрдү чечүүнү өтүнүштү:

– Чек ара маселесин чечүү зарылчыгы;

– Чек арага жакын жайгашкан айылдардын коопсуздугун бекемдөө;

– Тынч жашоодо жарандардын жөлөк пул алууга болгон муктаждыгын чечүү;

– Мамлекет, жалпы коомчулук жана жергиликтүү калк тарабынан берилип жаткан гуманитардык жардамдардын калкка түз жана өз убагында жеткирүү жагын кароо;

–  Мектеп жашындагы балдардын билим алууга болгон муктаждыктарын чечүү;

– Турак жайы күйүп кеткен жергиликтүү калктын үйлөрүн суук түшкөнгө чейин эртерек калыбына келтирүү;

– Баткен облусунун аймагынан аргасыз жер которуп келген жарандарга (аялдар, жашы жете элек өспүрүмдөр) кошумча психологдордун кызматын уюштуруу;

–  Баткенде калып кеткен туугандарына гуманитардык жардам көрсөтүү.

Жалпы Баткен облусу боюнча 136 миң 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 35 342 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 4 207 жаран эвакуациялык пунктарда, 3 800 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Учурда 92 521 жаран туруктуу жайгашкан жерлерине кайта баштады. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top