Аюу, түлкү, илбирс: Кыргызстандагы жапайы жаныбарлардын сүрөтү жарыяландыСадыр Жапаров Ташкентте бирдиктүү «Санариптик транзиттик коридор» платформасын түзүүнү сунуштады«KAV & KEV» компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүрүп, Клевцовду суракка алып кетиштиӨкмөт башчы Москвага иш сапары менен баратКыргызстанда абага зыяндуу заттардын чыгуусу өсүүдө: 2024-жылы 58,3 миң тоннаны түзгөнЧүйдө короолорго кирип, уурулук кылып жүргөн шектүү кармалды
Балыкчынын мэри Бакыт Шаршеев кызматынан бошотулду
28.09.2022 | 16:09
Балыкчы шаарынын мэри Бакыт Шаршеев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
“Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КРнын Конституциясынын 71-беренесинин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Шаршеев Бакыт Октябрович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду”, – деп айтылат маалыматта.
Буга чейин депутат Балбак Түлөбаев парламенттин жыйынында Балыкчы шаарынын мэри бир жумадан бери жумуш ордунда жок экенин айткан.
Бакыт Шаршеев мэр болуп 15-июлда дайындалган болчу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат