Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Балыкчыда бийлик жок. Депутат мэрдин дайынсыз экенин айтты
28.09.2022 | 10:47
Балыкчы шаарынын мэри бир жумадан бери жумуш ордунда жок. Бул тууралуу депутат Балбак Түлөбаев парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, шаар бийликсиз калды.
“Бир жумадан бери мэрди таппай жатабыз. Ордунда жок. Вице-мэр камакка алынды. Азыр Балыкчыда бийлик жок. Тезирээк таап, ордуна алып келгиле, таппасаңар жумуштан кетиргиле. Ордуна башкасы шайлансын. Кыш келе жатат, ага кам көрүш керек. Кечээ губернатор дагы кетип калды. Балыкчы ансыз деле экономикалык жактан алсыз болуп турат», – деди Балбак Түлөбаев.
Балыкчы шаарынын мэри – Шаршеев Бакыт Октябрович. Ал бул кызматка 15-июлда дайындалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар