Илияз Иманбетов финансы министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү тескемеге Акылбек Жапаров кол койду.
“«Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» КРнын конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Илияз Иманбетов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу финансы министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду”, — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз