Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Ысык-Көл облусуна жаңы жетекчи дайындалды
28.09.2022 | 16:54
Илияз Иманбетов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.
“Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин негизинде Иманбетов Илияз Жеңишович президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды”, – деп айтылат маалыматта.
Илияз Иманбетов буга чейин финансы министринин биринчи орун басары кызматын аркалап келген.
Буга чейин Садыр Жапаров Алтынбек Сулаймановду президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошоткон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар