Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Бүгүн Руслан Бекназаровдун соту болот
30.09.2022 | 13:44
Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаровдун соту болот. Бул тууралуу шардык соттон билдиришти.
Отурум саат 14:30га белгиленген. Анда Бекназаровдун баш коргоо чарасы каралат.
Бекназаров социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелүүдө. Ал 14-сентябрда суракка чакырылып, андан кийин камакка алынган. Соттун чечими менен ал 12-октябрга чейин камалган.
Эскерте кетсек, Руслан Бекназаров – саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу. Азимбек Бекназаров уулунун кармалышын өзүнүн азыркы бийликке айткан сындары менен байланыштырып, ага эскертүү катарында жасалган иш-аракет катары көрөрүн билдирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом