ИИМ Руслан Бекназаров эмнеге суракка чакырылганын айтты

ИИМ Руслан Бекназаров эмнеге суракка чакырылганын айтты

Ички иштер министрлиги Руслан Бекназаровдун суракка чакырылгандыгы боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча кылмыш иши иликтенип жатат.

Интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө “Фейсбук” социалдык тармагында Кыргызстандын аймагында тыюу салынган «Хизбут-Тахрир-аль-Ислами» экстремисттик-террористтик уюмунун идеологиясына үндөгөн материалдарды жайгаштырып, таратып жаткан аккаунт аныкталган.

“Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу беренеси боюнча катталган. Кылмыш ишинин алкагында 1981-жылы туулган жаран Р.Б. ИИМдин тергөө кызматына суракка чакырылды”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу, Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров суракка чакырылганын ИИМ билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>