Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкек шаарында 1-2-октябрь күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Биринчи май районунда жарманке 1-2-октябрда саат 8:00дөн 18:00гө чейин И.Раззакова көчөсүнүн Киев-Токтогул көчөлөрүнүн ортосундагы жерде өтөт.

Октябрь районунда 1-октябрдан 31-декабрга чейин дем алыш күндөрү саат 07:00дөн 19:00гө чейин Н.Жетикашкаева көчөсүндө Айтиев көчөсүнөн А.Токомбаев көчөсүнө чейин өтөт.

Свердлов районунда 1-2-октябрь күндөрү саат 8:00дөн 18:00гө чейин Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде өткөрүлөт.

Жарманкеде эт, сүт азыктары, ун, бал, жашылча-жемиштер, жумуртка жана башка көптөгөн нерселер көрсөтүлөт.

Жарманке мэрия жана Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлиги тарабынан уюштурулат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: жарманке

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>