Кыргызстанда үч жашка чейинки балдарга 1200 сомдон жөлөк пул бериле баштайт. Президент кол койдуКорея Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант беретСадыр Жапаров абактан чыккан Даниэль Ажиевди алып бара жаткан тик учакты кайтарууну буйруду6-мартка карата аба ырайыКыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйт
Садыр Жапаровдун карындашы президенттик администрацияда иштөөдө
30.09.2022 | 16:04
Президент Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун кызы Перизат Жапарова президенттин администрациясында иштөөдө. Бул тууралуу иликтөөчү журналист Болот Темиров социалдык баракчасында билдирди.
Буга чейин Темиров негиздеген “Ютубдагы” Temirov LIVE каналы Перизат Жапарова президенттин администрациясында иштеп жатканы тууралуу чакан иликтөө чыгарган.
“Садыр Жапаровдун карындашы (агасы Сабыр Жапаровдун кызы – ред.) бир жылдан бери президенттин администрациясында иштеп жатканы ырасталды. Болжол менен ал санариптик өнүгүү боюнча бөлүм башчынын орун басары кызматында иштейт”, – деп жазды ал.
Маалыматты тактоо үчүн президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаевге байланышууга мүмкүн болгон жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом