Бишкекте Россиянын колдоосу менен курулуп жаткан эң ири мектептин курулушунун жүрүшүнө баа берилдиТокмоктогу мыйзамсыз зоопарк: арстан, аюу жана башка жаныбарлар алындыБаткен шаарында «Айгүл гүлү» эл аралык фестивалы өтөтДепутат Нацстатком кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү сунуштадыПарламентте жарандардын кайрылууларын иштеп чыгуу үчүн Жасалма интеллект колдонулатКореялык Samsung C&T компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар
Депутат «Бишкек сити» курууну сунуштады
03.10.2022 | 23:57
Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда депутат Шарапаткан Мажитова борбор калаага Бишкек Ситини (депутат бизнес-борборду айтып жаткандыр) курууну сунуштады.
Анын айтымында, курулуш тармагында коңшулар алдыга жылды. Астана менен Ташкентти мисалга алсак болот.
«Ташкент ситини карасаң, карап, таң каласың, биз Бишкек Ситини да кура алабыз, аны дизайн жана архитектуралык долбоорлорун жакшы жасап, жаңы шаар кура алабыз. Сыймыктанчу кыял бар. Ооба, жеке сектор жакшы куруп жатат, бирок дизайнердик көрүнүш жок. Чет өлкөгө чыгып калсаң, таң каласың», – деди ал.
Эл өкүлү курулуштун башында мамлекет өзү турушу керек деп эсептейт.
Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат