Түркияда инфляция рекорддук чекке жетти  

Түркияда инфляция рекорддук чекке жетти  

Түркияда сентябрь айында инфляция расмий маалыматтар боюнча жылдык 83,45%ды түздү. Транспорт кызматтары, ошондой эле тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктар баарынан кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика институту билдирди.

Ошол эле учурда ENAGтин көз карандысыз түрк эксперттеринин маалыматына караганда, Түркияда инфляция былтыркы жылдын сентябрына салыштырмалуу 186,27% га өскөн.

Түркиянын Борбордук банкы керектөө бааларынын жогорулашына жана улуттук валютанын кунунун төмөндөшүнө карабастан декабрь айынан бери пайыздык чендерди төмөндөтүү саясатын улантууда. Лира жыл башынан бери долларга карата 50%дан ашуун наркын жоготту.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын айтымында, жыл аягына чейин бул көрсөткүч 12% га чейин төмөндөшү керек.

Түркияда инфляция акыркы 16 айдан бери ылдамдады.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>