Бишкекте кыргыз-азербайжан достук сейил багы ачылды — сүрөт

Бишкекте кыргыз-азербайжан достук сейил багы ачылды — сүрөт

Бишкекте Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз-Азербайжан достук сейил багынын ачылышы болду.

Сейил бактын ачылыш аземине президент Садыр Жапаров жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев катышты.

Чогулгандар алдында сүйлөп жатып, Садыр Жапаров коноктор менен учурашып, бүгүнкү иш-чара – “Кыргызстан-Азербайжан” достук сейил багынын ачылышы эки өлкөнүн достук мамилелеринин жана эки бир тууган элдин тарыхый байланыштарынын саясий, экономикалык эле эмес, маданий-гуманитардык кызматташтыкта да чыңдалгандыгынын ачык жана айкын далили экенин белгиледи.

“Бул сейил бак байыртадан келе жаткан карым-катнаштарга, терең тарыхый, руханий жана адеп-ахлактык тамырларга, баалуулуктарга жана салттарга ээ болгон өлкөлөрүбүздүн ортосундагы бекем достуктун жана бир туугандыктын символу болуп саналат.

Бул биз заманбап кыргыз-азербайжан мамилелерин куруп жаткан бекем пайдубал”, — деди ал.

Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылы Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелер активдешип, стратегиялык өнөктөштүктүн таптакыр жаңы деңгээлине чыкканына көңүл бурду.

“Бул көбүнесе Азербайжан Республикасынын Президенти, урматтуу Ильхам Гейдарович Алиевдин жеке көңүл буруусуна жана колдоосуна байланыштуу!”, — деди ал жана Азербайжандын лидеринин улуттук баалуулуктарды камсыз кылууга жана коргоого, дүйнөлүк коомчулуктун алдында анын эл аралык беделин чыңдоо багытталган көп кырдуу жаратман ишмердүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

“Сиздин жеке көңүлүңүз жана Кыргызстан менен бардык тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө умтулууңуз биздин өлкөдө урмат-сыйга жана колдоого ээ болду”, — деп кошумчалады президент.

Садыр Жапаров кыргыз тарап бир тууган Азербайжан менен мезгилдин сыноосунан өткөн стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Шаардыктарды “Кыргызстан менен Азербайжандын достугу” сейил багынын ачылышы менен куттуктап, ал Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевге жана анын командасына Бишкектин чыныгы асыл ташына айланып, бишкектиктер убактыларын ырахат менен өткөрө турган бул кооз сейил бактын курулушуна көрсөткөн жардамы жана көмөгү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди.

“Биздин эки тараптуу каалообуз кыска убакыттын ичинде бул кооз реалдуулукта кандайча чагылдырылганын көрүү абдан жагымдуу. Биздин азербайжандык досторубузга Кыргызстанда көңүл ачууну, түгөнгүс күч-кубатты жана өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин кызыкчылыгы жана жыргалчылыгы үчүн чоң ийгиликтерди каалайм!”, — деп сөзүн жыйынтыктады президент Садыр Жапаров.

Өз кезегинде Азербайжандын президенти Ильхам Алиев бул бактын ачылышынын символикалык мааниси бар экенин белгиледи. Ал Азербайжанга карата мындай мамиле үчүн азербайжан элинин атынан ыраазычылык билдирди.

“Бул сейил бакта биз президент Садыр Жапаровдун шаарды өнүктүрүү, борбордун жашоочуларына, ошондой эле Кыргызстандын башка шаарларынын жана айылдарынын тургундарына ыңгайлуу, жакшы шарттарды түзүү боюнча пландарын да көрүп турабыз”, — деди ал.

“Бүгүн кыргыз жеринде бул боордоштук сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө экенин дагы бир жолу көрүп турам”, — деп баса белгиледи ал.

Азербайжандын лидери кошумчалагандай, бүгүнкү күндө эки өлкөнүн борборлору – Баку менен Бишкек бир тууган шаарларга айланды.

“Биздин элдерибиздин бир туугандыгы шаарлардын ортосундагы бир туугандыкка айланып баратат. Бул жакшы салт жашай берет жана Кыргызстан менен Азербайжандын башка көптөгөн шаарлары бир тууган шаарларга айланат деп ишенем”,-деди Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев.

Андан соң Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери сейил бакты көрүп чыгышты. 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>