Корей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атадыКыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелерБишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айландыАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салды
Ала-Букадагы шахтада 24 жаштагы жаран газга ууланып каза болду
12.10.2022 | 09:21
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда алтын казып иштеткен компаниянын шахтасында 24 жаштагы жаран газга ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ӨКМге Full Gold Mining ЖЧКсынын шахтасында газ чыгып ичинде адамдар калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя жерине 9 куткаруучу тартылып, шахтадан газга ууланып каза болгон 24 жаштагы Т.М. уулу аттуу жарандын сөөгүн алып чыккан.
Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берген.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом