Жалал-Абад: Зордук-зомбулуктардын алдын алуу боюнча семинар өттү

Жалал-Абад: Зордук-зомбулуктардын алдын алуу боюнча семинар өттү

Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгында зордук-зомбулуктардын алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Семинар ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын демилгеси менен 10-11-октябрь күндөрү өткөрүлүп, ал зордук-зомбулуктардын жана жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган.

Ага ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нуржан Адылова, мобилдүү унаалардын ишмердүүлүгүн колдоо боюнча ассоциациясынын директору Шамшыбек Мамыров, Жалал-Абад облустук милициясынын начальниги Ашим Тагаев, ИИМдин Академиясынын окутуучулары Азамат Абдрахманов, Медер Карабаев, шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызмат боюнча орун басарлары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн социалдык иштер боюнча орун басарлары, коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү катышкан.

«Семинардын жүрүшүндө уюштуруучулар тарабынан даярдалган роликтер көрсөтүлүп, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча лекциялар окулду. Жаш өспүрүмдөрдүн туура эмес багыттагы диний агымдарга кирип калуусуна бөгөт коюу, милициянын көчмө кабылдама унааларында профилактикалык иштерди күчөтүү, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга каршы биргелешип иштөө процесстери тууралуу маалыматтар берилди. Балага жардам берүү, коопсуздугун камсыз кылуу, зомбулуктан жабыр тарткан өспүрүм менен сүйлөшүү багыттары жана коомго жат көрүнүштүн кайталануусуна жол бербөө маселелери талкууланды. Негизинен иш-чара коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин квалификациялык деңгээлин жогорулатуу максатын көздөйт», — деп айтылат маалыматта.

Семинардын соңунда катышуучулар өздөрүнө пайдалуу маалыматтарды алышкандыгын айтып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришкен. Катышуучуларга сертификаттар тапшырылган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>