Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Депутат автобустар үчүн бөлүнгөн 100 млн доллардын дайынын сурады
12.10.2022 | 10:48
“Бишкекке автобустарды сатып алууга бөлүнгөн 100 миллион доллар кайда? – деп суроо салды депутат Марлен Маматалиев («Ынтымак») Жогорку Кеңештин 12-октябрындагы жыйынында.
Анын айтымында, буга чейин бул каражат Бишкек шаардык мэриясы тарабынан электр менен жүрүүчү автобустарды жана троллейбустарды сатып алууга бөлүнгөн.
«Акча тарифтер көтөрүлбөсүн деп бөлүнгөн. Эми көтөрөлү деп жатышат, алар себебин айлыктардын көтөрүлүшү менен түшүндүрүп жатышат. Бул туура эмес. Акча кайда, автобустар кайда? Комитеттерде маселени карап көрөлү. Болгону эл кыйналып жатат», – деди Маматалиев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар