Кечки тариф 32 сом. Бишкекте жол кире көтөрүлүшү мүмкүн

Кечки тариф 32 сом. Бишкекте жол кире көтөрүлүшү мүмкүн

Бишкек шаарында коомдук транспортто жол кире акысын көтөрүү боюнча экономикалык эсептөөлөр даярдалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге мэриянын транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, бул эсептөөлөр күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүп кеткенине байланыштуу жүргүзүлгөн.

Азыркы тапта коомдук транспорттогу жол кире боюнча үч вариант иштелип чыккан. Биринчиси боюнча жол кире акысы өзгөрүүсүз калат.

Экинчи вариант:

  • муниципалдык троллейбус жана автобустарда — 15 сом,
  • жеке фирмалардын автобустарында — 22 сом,
  • кичи автобустарда — 21 сом,
  • кечки тариф — 32 сом.

Үчүнчү вариант:

  • муниципалдык автобустарда – 16 сом,
  • троллейбустарда  — 14 сом,
  • жеке фирмалардын автобустарында – 26,5 сом,
  • кичи автобустарда — 21 сом,
  • Кечки тариф – 32 сом.

Учурда аталган департаменттин эсептөөлөрү Экономика министрлигинин анализинен өткөрүлө элек. Министрликтин тиешелүү талдоосунан өткөн соң гана так баалар аныкталып, баанын өзгөрөрү белгилүү болот. Ошондон кийин гана документ Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизилмекчи.

Эскерте кетсек, акыркы ирет Бишкекте жол кире акысы былтыр 1-ноябрда көтөрүлгөн. Анда автобус жана троллейбустарда жол кире 11 сомду жана кичи автобустарда 15 сомду түзгөн.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>