Мурдагы каржы министри Алмаз Бакетаев Улуттук банктын төрагасы болуп шайландыӨкмөт ата мекендик зергерлер үчүн баалуу металлдарды сатуу тартибин бекиттиМандатын тапшыргандардын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келдиЖогорку Кеңештин депутаттарынын трибунадан сүйлөөсү чектелетЭрулан Кокулов Кыргызстанда «журналисттик мафия» иштеп жатканын билдирдиУКМК Нипах вирусунун жайылышынын фонунда чет элдиктерге жасалма медициналык маалымкаттарды берүү схемасын ашкереледи
Караколдо дайынсыз болуп жаткан 7 жаштагы кыз табылды – видео
12.10.2022 | 16:20
Каракол шаарында дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кыз табылды, деп билдиришти облустук милициянын басма сөз кызматынан.
Маалыматка караганда, 11-октябрь күнү болжол менен кечки саат 17:00 чамаларында Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө шаардын жергиликтүү тургуну кайрылып, 7 жаштагы өспүрүм кызы дайынсыз жоголуп кеткендиги жөнүндө билдирген.
Энесинин айтымында, кызы эртең менен саат 8:00дө мектепке кетип, кайра кайтып келген эмес.
Кайрылуу түшкөндөн кийин дароо эле Каракол ШИИБдин жалпы өздүк курамы кызды издөөгө тартылып, бир саатка созулган издөө иштеринин натыйжасында кыз аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.
Кыздын апасы милициz кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.
Биздин Телеграм каналга катталыңы
Рубрики: Жаңылыктар