Парламентте депутат Надира Нарматова «Кактус Медиа», «Клооп» жана «Азаттыкты» жабуу үчүн депутаттардан кол топтоодо. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Телеграм каналында билдирди.
Анын айтымында, Нарматова президентке аталган басылмаларды жабуу тууралуу өтүнүч жазылган кат даярдаган.
«Мен ал катты мыйзамсыз деп эсептейм. Себеби эч ким массалык маалымат каражатын жабууну талап кылууга акысы жок», — деди ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз