Кочкор-Атада мунай өндүрүүчү компаниянын өкүлдөрү кармалды

Кочкор-Атада мунай өндүрүүчү компаниянын өкүлдөрү кармалды

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында мунай өндүрүүчү компаниянын өкүлдөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Салык кызматы тарабынан салык мыйзамдарынын сакталышы боюнча жеринде пландуу текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында мунай өндүрүүчү компанияга карата 207 млн сомго жакын салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталган. Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө, бир нече компаниялардын иш-аракеттерин координациялоо Кытайдын жараны тарабынан ишке ашырылып, товарларды жеткирүү, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр жалган түрдө аткарылып, өз ара байланышкан ишканалардын ортосунда документтештирилгени ачыкталган.

«Үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, аталган ишканалардын ортосундагы байланыш жана алардын бири-бирине тиешелүүлүгү аныкталган. Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган 60 млн сомго жакын зыяндын бир бөлүгү мамлекетке өндүрүлгөн. Калган келтирилген зыянды тез арада төлөп берүүлөрү пландалууда», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча Салык кызматынын кызмат адамдарына, мунай жана жаратылыш газын өндүрүү үчүн скважиналарды бургулоо менен алектенген компаниянын өкүлдөрүнө карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>