13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилди
Депутат “Кактус Медиа”, “Клооп”, “Азаттыкты” жабуу үчүн кол топтоодо
12.10.2022 | 17:38
Парламентте депутат Надира Нарматова “Кактус Медиа”, “Клооп” жана “Азаттыкты” жабуу үчүн депутаттардан кол топтоодо. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Телеграм каналында билдирди.
Анын айтымында, Нарматова президентке аталган басылмаларды жабуу тууралуу өтүнүч жазылган кат даярдаган.
“Мен ал катты мыйзамсыз деп эсептейм. Себеби эч ким массалык маалымат каражатын жабууну талап кылууга акысы жок”, – деди ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом