Бишкектин айрым райондорунда 28-августта суу өчүрүлөтКитеп сатып албагыла! Жаңы окуу китептери мектептерге таратылатСентябрдан тарта Каракол – Алматы багытында автобустар каттай баштайтАльпинизм. Чокудагы биз билбеген кызыктар“Кыргызфильм” киностудиясына жаңы жетекчи дайындалдыМинистрлер кабинети күз-кыш мезгилине даярдыкты октябрга чейин бүтүрүүнү тапшырды
Караколдо 12,9 млн сомго беш даараткана курулат
17.10.2022 | 10:19
Ысык-Көлдүн Каракол шаарында 12 млн 939 миң сомго беш коомдук даараткана куруу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.
Тендер 14-октябрда жарыяланып, арыздар 19-октябрга чейин кабыл алынат.
Дааратканалар шаардын Парковая көчөсүндө, Тагай бий сейил багында, Тыныстанов менен Кутманалиев көчөлөрүнүн кесилишинде, Токтогул Асаналиев көчөсүндө (сейил бакта) жана Пушкин атындагы сейил бакта салынмакчы.
Ар бир даараткананын курулушуна 2 млн 587,8 миң сомдон каралган.
Тендер Каракол шаардык мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти тарабынан жарыяланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом