Бишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кести
Бишкекте 5 кыз менен 2 эркек киши өлтүрүүгө шектелип кармалды
18.10.2022 | 20:21
Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалганын 18-октябрда Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кылмыш 17-октябрга караган түнү “Чыгыш-5” кичи районундагы көңүл ачуучу жайлардын биринде болгон. Окуяга күбө болгондор шаардык милициянын Патрулдук милиция кызматынын инспекторлоруна окуя болгонго чейин эркек киши кыз менен уруша кетип, аны сабап салганын айтышкан. Бир нече убакыт өткөндөн кийин анын төрт досу менен эки жигити эркекке кол салып, экинчиси каза болгон.
- Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кыздар 1990-жылы туулган А.А., 1995-жылы туулган А.Д., 2002-жылы туулган О.А., 1974-жылы туулган А.Л., 1998-жылы туулган А.А., 1998-жылы туулган А.А., балдар – А. , жана 2000-жылы туулган С.У. кармалышты.
Баары Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, алардын төртөө убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар