Мамлекетке ири көлөмдө чыгым келтирген компанияга иш козголду

Мамлекетке ири көлөмдө чыгым келтирген компанияга иш козголду

Жумгал районунда мамлекеттик обьектини өз маалында бүткөрбөгөн компанияга иш козголду. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдирди.

Маалыматка караганда, Жумгал районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, “D.” ЖЧКсынын жооптуу кызматкерлери Жумгал районунуна караштуу Байзак айылынын ветеринардык – профилактикалык борборун жана күпкөнү (купочная ванна) курууда өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан фактысы аныкталды.

2019-жылы түзүлгөн келишимдин негизинде аталган ЖЧКга 1 млн 448 миң 233 сом акча каражаты толук которулгандыгына карабастан, бүгүнкү күнгө чейин курулуш бүткөрүлбөй, мамлекетке 1 млн 448 миң 233 сомдук зыян келтирилген.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>