Экс-министр Алмаз Бейшеналиев үй камагына чыкты

Экс-министр Алмаз Бейшеналиев үй камагына чыкты

Билим берүү жана илим министрлигинин мурдагы жетекчиси Алмаз Бейшеналиев үй камагына чыкты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан экс-министр Алмаз Бейшеналиевге карата 110 000 АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө.

2022-жылдын 27-сентябрында Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында билим алып жаткан Индиянын жарандарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргогон П.Ф. аттуу жаран индиялык студенттерди башка өлкөлөрдөн Кыргызстандын жогорку окуу жайларына которуу боюнча оң чечим чыгаруу үчүн билим министр А.Бейшеналиев акча талап кылып жаткандыгы жөнүндө арыз менен кайрылган.

Аталган факты боюнча 2022-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарынын аймагында атайын иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда А.Бейшеналиев пара алып жаткан жеринен кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Андан соң, анын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал ыктыярдуу түрдө 37 500 АКШ долларын берген.

Тергөөнүн жүрүшүндө А.Бейшеналиев 62 миң 500 АКШ доллары өлчөмүндө пара түрүндө алынган акчанын калган бөлүгүн кайтарып берген.

Ал эми, А.Бейшеналиев тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун толук толтурганын, анын өнөкөт ооруларга чалдыкканын, туруктуу жашаган жери, жашы жете элек 4 баласы бар экенин, тергөөгө тоскоолдук кылбай тургандыгы эске алынып, анын баш коргоо чарасын камакка алуу түрүнөн үй камагына өзгөртүлдү.

Учурда кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим кабыл алуу максатында ар тараптан толук жана объективдүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Алмазбек Бейшеналиев 28-сентябрда кечинде Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан кармалган. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>