Кыргызстандык 17 жаштагы Медина Эрмекова Miss Grand International сынагына катышуудаКыргызстан БУУнун өлүм жазасын жоюу жөнүндөгү протоколуна кошуулууну артка кайтарууну кароодоБишкек мэри Яндекс GO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Эмне талкууланды?Президенттин атынан жаш балбандарга сыйлыктар тапшырылдыЧүй облусунда жаран баңгизат сатууга шектелип кармалдыБишкекте фура жолтандабас менен кагышып, 10 жаштагы баланы сүзүп кетти
Энергетика министрлиги Жалал-Абадга которулат, – Жапаров
19.10.2022 | 17:21
Энергетика министрлиги эмдиги жылы Жалал-Абад облусуна которулат. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Жыйында депутат Эмил Токтошев Акылбек Жапаровдон: “Коргоо министрлигин түштүккө көчүрүү боюнча оюңуз кандай?”, – деп сурады.
“Жакынкы аралыкта коргонуу доктринасы кайра каралып жатат. Буюрса, башкы командирдин чечимин сиз дагы угасыз. Бирок, биз энергетика министрлигинин электр станциялар ишканасын Караколго которуп жатабыз. Ал эми Энгергетика министрлиги эмдиги жылы Жалал-Абад облусуна көчүрүлөт”, – деди Акылбек Жапаров.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар