Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Энергетика министрлиги Жалал-Абадга которулат, – Жапаров
19.10.2022 | 17:21
Энергетика министрлиги эмдиги жылы Жалал-Абад облусуна которулат. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Жыйында депутат Эмил Токтошев Акылбек Жапаровдон: “Коргоо министрлигин түштүккө көчүрүү боюнча оюңуз кандай?”, – деп сурады.
“Жакынкы аралыкта коргонуу доктринасы кайра каралып жатат. Буюрса, башкы командирдин чечимин сиз дагы угасыз. Бирок, биз энергетика министрлигинин электр станциялар ишканасын Караколго которуп жатабыз. Ал эми Энгергетика министрлиги эмдиги жылы Жалал-Абад облусуна көчүрүлөт”, – деди Акылбек Жапаров.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар