Бишкек – Ош жолунда таш кулады

Бишкек – Ош жолунда таш кулады

Бишкек – Ош унаа жолунун 425-чакырымында (Жалал-Абад облусу) жолго таш кулады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жолго болжол менен 50 куб метр таш кулап, жолду эки тараптуу жаап калган. Жерине атайын техникалар тартылып, саат 15:13тө жол бир тараптуу ачылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алыскы жолго чыккан айдоочуларга унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо керектигин эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ӨКМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>