Дары-дармек департаментинин кызмат адамдары кармалды

Дары-дармек департаментинин кызмат адамдары кармалды

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, «А» жеке ишканасынын жана аталган департаменттин кызмат адамдарынын сапатсыз дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз кайра каттоо, сертификациялоо жана кийин республиканын аймагына ташып келүү боюнча мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактылары аныкталган.

«Такталгандай, 2020-жылы Саламаттык сактоо министрлигинин Борбордук контролдоо-аналитикалык лабораториясында тиешелүү лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, импорттолуучу дары-дармек каражаттарынын курамынын айрым ченемдери ден соолук үчүн олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон тиешелүү чектен ашып кеткендиги аныкталган. Мындай жагдайларга карабастан департаменттин кызмат адамдары медициналык багыттагы дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоонун тартибин бузуу менен, зарыл болгон баштапкы документтерди жасалмалоо жана алмаштыруу жолу менен өлкөгө сапатсыз дары-дармектерди тоскоолдуксуз ташып келүүгө шарт түзүшкөн», — деп айтылат маалыматта.

УКМКдан белгилешкендей, бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, анын алкагында аталган ишкананын кызматтык имаратында тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Анда салык төлөөдөн качуунун фактыларын көрсөткөн, анын ичинде медициналык кызматкерлерге накталай төлөмдөр системасы аркылуу өз продукциясын илгерилетүү үчүн мыйзамсыз маркетинг ыкмаларын жана атаандаштыкты колдонууну тастыктаган «кош эсепке жазуу» бухгалтердик каржылык документтер алынган.

Учурда аталган департаменттин директорунун орун басары Б.К. жана башкармалыктын башчысы Т.И. кармалган. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

«Учурда дары-дармек каражатынын курамын жана анын мүмкүн болуучу кошумча таасирлерин аныктоо үчүн зарыл адистерди тартуу жана ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын белгилөө боюнча керектүү иликтөө иштери жүрүп жатат», — деп билдиришти атайын кызматтан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>