Жапаров: Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара боюнча жакшы чечимге келди

Жапаров: Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара боюнча жакшы чечимге келди

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүнү караштырган кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу оюн айтты.

Отурумда депутат Мирлан Самыйкожо Акылбек Жапаровдон аталган келишимдин долбоору боюнча оюн сурады.

Жапаровдун пикиринде, эки өлкө чек ара боюнча жакшы чечимге келген.

«Мамлекеттик комиссия колунан келген бүт иштерди аягына чейин чыгарып бүттү. Ал 1963-жылы эле башталган. Учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери, өкмөттөрү ушундай жакшынакай саясий чечимге келип жатат. Эки элдин ортосунда картада сызыктар болсун, бирок эки элдин ортосунда жаңжалдар болбосун деген ниет. Эгер сиздер колдоп берсеңиздер, ал тарыхый чоң чечим болот. Анткени биздин мамлекет төрт чоң өлкөнүн ортосунда турабыз», — деди ал.

Анын айтымында, Кыргызстан үчүн чек араны канчалык эрте чечсе, ошончолук жакшы болот.

«Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Бириккен улуттар уюму түзүлүп, эл аралык укук деген, чек аралар кандай турушун белгилеген түшүнүк пайда болгон. Тилекке каршы ал түшүнүктөрдүн баары жокко чыгып келе жатат. Бир топ мамлекеттер бөлөк мамлекеттерди алып жатат. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Санкт-Петербургдагы экономикалык форумда «эгерде бул тенденция токтобосо, дүйнө жүзүндө 480-600 мамлекет курулуп калышы мүмкүн» деп айтканы бар. Бул чоң жаңжалга, токтобос согуштарга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан чек араны канчалык эрте чечип алсак, ошончолук жакшы. Жеке оюм боюнча, мамлекеттик комссия колунан келген жумушту жасады. Чек ара маселесинде «мен уттум, тигилер утулду» деген сөз болбойт», — деди ал.

Эскерте кетсек, 10-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу маалымат берген. Анда ал документке ылайык, чек арадагы талаштуу делген жерлердин көбү (жалпы 19 миң 699 гектар) Кыргызстанга өтүп, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери берилерин билдирген.

Парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети аталган келишимдин долбоорун жактырып берген. Бирок ал чечимге комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков менен анын орун басарлары кол койгон эмес.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>