ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Видео — Тармактык комитет Малайзиядагы элчиликке Бекназаровдун талапкерлигин жактырды
17.12.2019 | 12:30
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Азимбек Бекназаровдун Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигине дайындоого макулдугун берди. Бул тууралуу депутат Исках Пирматов билдирди.
Бекназаровдун талапкерлигин кароого журналисттер катышкан жок. Анткени комитеттеги айрым маселелер жабык каралат деп ЖМК өкүлдөрүн сыртка чыгарышкан.
Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев жана Искак Пирмаматов журналисттер Бекназаровдун талапкерлигин кароо учурунда журналисттер өздөрү кирбей койгонун айтышты.
Азимбек Бекназаров Бакиевдин бийлиги тушунда Башкы прокурор болуп турган. 2010-жылкы саясий окуяларда оппозициянын лидери болгон. Апрель окуяларынан кийин ал өкмөттө вице-премьер министр кызматты аркалаган.