11 жалган фирма жана жасалма документтер: «Ак-Тилек» аркылуу көмүскө импорттун ири схемасы ачыкталдыДээрлик 120 млн сомдук контрабанда жана кесилген тикенектүү зымдар: Чек ара кызматы мыйзам бузуулар боюнча отчет бердиБишкектин бир бөлүгүндө 2 күн жаратылыш газы берилбейтЧаткалдагы Ыдырыс-Ата күмбөзү көрктөндүрүлөтБиринчи класска барган баланы мектепке даярдоо канча турат?Ысык-Көлдө 1 млн сомдон ашык айып пулу бар айдоочу кармалды
Видео — Тармактык комитет Малайзиядагы элчиликке Бекназаровдун талапкерлигин жактырды
17.12.2019 | 12:30
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Азимбек Бекназаровдун Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигине дайындоого макулдугун берди. Бул тууралуу депутат Исках Пирматов билдирди.
Бекназаровдун талапкерлигин кароого журналисттер катышкан жок. Анткени комитеттеги айрым маселелер жабык каралат деп ЖМК өкүлдөрүн сыртка чыгарышкан.
Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев жана Искак Пирмаматов журналисттер Бекназаровдун талапкерлигин кароо учурунда журналисттер өздөрү кирбей койгонун айтышты.
Азимбек Бекназаров Бакиевдин бийлиги тушунда Башкы прокурор болуп турган. 2010-жылкы саясий окуяларда оппозициянын лидери болгон. Апрель окуяларынан кийин ал өкмөттө вице-премьер министр кызматты аркалаган.