Бекназаров: Жээнбековдун командасына кызмат кылабыз — видео

Бекназаров: Жээнбековдун командасына кызмат кылабыз — видео

«Малайзияга барсам алгачкы ишимдеги бир айлык убактымды малай тилин үйрөнүүгө жумшайм»  деп билдирди  Азимбек Бекназаров журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

Ошондой эле ал мамлекеттик кызматкердин этикасын сактай турганын белгилеп өттү.

[su_quote]Мен 2012- жылдан бери эркин саясатчы болуп жүргөндүктөн эч ким ооздуктай албайт эле. Эми өзүмдү өзүм ооздуктоого туура келет.[/su_quote]

Мындан тышкары Бекназаровго журналисттер тарабынан канча тил билесиз деген суроо берилди.

[su_quote]Тил негизги маселе эмес. Биздин максат мамлекеттик саясатты коргоо. Бирок мен Малайзияга барган бир ай ишимде малай тилин үйрөнүүгө аракет кылам. Бир айда жок дегенде 200 малай сөзүн жаттайм.[/su_quote]

Reporter.kg сайтынын кабарчысынын «Сизге берилген бул кызмат бийлик менен саясий эсептешүү эмеспи?» деген суроосуна төмөндөгүдөй жооп берди.

[su_quote]Мен эч ким менен эсептешпейм. Менин негизги аткара турган ишим Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигин көтөрүү болуп саналат. Малайзияда 3 жылдан бери элчи дайындалбай турду. Ошол себептен мен аталган мамлекетке элчи болууга макулдугумду бердим.[/su_quote]

Журналисттер ошондой эле анын Сооронбай Жээнбековдун командасына кошулгандыгын сурашты.

«Мен бирөөнүн командасына кошулдум деп айтпайм. Ооба, учурда мамлекетти Жээнбеков башкарып жатат. Өлкө башчысы менен биргеликте иштер жүрөт. Анын командасына кызмат кылабыз», — деп жоп берди Бекназаров.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Азимбек Бекназаровдун Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигине талапкерлигин жактырды.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>