Энергетика министрлиги: Орто-Токой ГЭСинин курулушу 68%га бүткөрүлдүУКМК: Казакстандын жараны З.А. 2,5 млн долларды мыйзамсыз алганы үчүн кармалдыБишкекте 17 жаштагы кыз эркек кишини бычактап, андан кийин өзүнө кол салганБишкекте Ахунбаев көчөсүнүн жаңыланган бөлүгү ачылдыЖК төрагасы: Парламентти таратуу боюнча келтирилген жүйөлөр негиздүүЫлдамдыкты азайтышпайт. Бишкектин тургуну Салиева көчөсүндө жасалма дөңсөөлөрдүн жоктугуна нараазы
Батукаевдин бошотулушу боюнча соттук отурум жылдырылды
17.12.2019 | 16:06
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча өтө турган соттук отурум 19-декабрга жылдырылды. Буга соттолуучу Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдун ден соолугуна байланыштуу отурумга келбегени себеп болду.
Мындан сырткары мурдагы президенттин жактоочусу Замир Жоошев да Алмазбек Атамбаев да өзүн начар сезип жатканын билдирди.
Замир Жоошев буга чейин маалымат каражаттарына Атамбаевдин сотко келерин айткан.
УКМКнын Тергөө абагында жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар оор кылмыштарга айыпталууда.
Ал 8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар