Москва районунда өрт кырсыгынан бир адам күйүк алды

01.11.2022 | 09:54

Москва районунда турак жайдан өрт чыгып, бир адам күйүк алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ак-Суу айылынын Фрунзе көчөсүндө  убактылуу жашоочу жайдын (времянка) 60 чарчы метри жана тиричилик буюмдары толугу менен күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 1983-жылы туулган Ш.Д. аттуу эркек киши 2-даражадагы күйүк жаракат алып, тез жардам кызматкерлери тарабынан райондук ооруканага жеткирилген. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top