Видео: Илон Маск Твиттердин бөлүм башчысын түз эфирде иштен алды

Видео: Илон Маск Твиттердин бөлүм башчысын түз эфирде иштен алды

Твиттердин жаңы кожоюну Илон Маск цензура бөлүмүнүн башчысы Виджая Гаддени түз эфирде сүйлөшүүгө чакырып, аны эч кандай эскертүүсүз аны жумуштан кетирди. Сүйлөшүүнүн видеосу интернетке жарыяланды.

Виджая Гадде Twitterде саясат, коопсуздук боюнча директор жана компаниянын башкы юридикалык кеңешчиси болуп иштеген.

Эми Илон Маск ага түз эфирде “сиз жумуштан бошодуңуз” деген сөзүнөн кийин  Виджая Гадде дароо наушнигин чечип, студиядан чыгып кеткен.

Белгилей кетсек, Виджая Гадде АКШнын президенти Дональд Трамптын Твиттердеги аккаунтун тоңдурган адам болгон.

Илон Маск 27-октябрда компанияны сатып алгандан кийин Twitterдин директорлор кеңешин бошотконун АКШнын Баалуу кагаздар жана биржалар комиссиясынын (SEC) маалымат базасында жайгаштырылган документтерде айтылат.

Документтер жарыялангандан кийин Илон Маск компаниянын директорлор кеңешин өзү жетектей турганын айткан, деп билдирет Reuters.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>