Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Москва районунда өрт кырсыгынан бир адам күйүк алды
01.11.2022 | 09:54
Москва районунда турак жайдан өрт чыгып, бир адам күйүк алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ак-Суу айылынын Фрунзе көчөсүндө убактылуу жашоочу жайдын (времянка) 60 чарчы метри жана тиричилик буюмдары толугу менен күйгөн.
Өрттүн кесепетинен 1983-жылы туулган Ш.Д. аттуу эркек киши 2-даражадагы күйүк жаракат алып, тез жардам кызматкерлери тарабынан райондук ооруканага жеткирилген. Учурда өрттүн себеби такталууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом