Ак-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстү
#RЕакция тынчтык митингин депутат Эльвира Сурабалдиева да колдоп чыкты
18.12.2019 | 12:48
Бүгүн, 18-декабрда Бишкекте Ала-Тоо аянтында жемкорлукка каршы #Rеакция 2 аталышында тынчтык митинги өтүүдө.
Аталган митингге депутат Эльвира Сурабалдиева да чыкты.
“Бакиевдердин убагында менин оокатымды талашып жатышканда, мени ошол учурда жалпыга маалымдоо каражаттары колдоп берген. Башыбызга бир иш түшкөндө журналисттерге кайрылганга кыйынбыз, эми бийликке жетип алып унчукпай отурган туура эмес. Азаттык радиосу иликтеген “Кыргызстандан чыгарылган миллиондор” иликтөөсү сотко жете турган болсо, мен сотко чейин барып колдоп берем деп сөзүмдү бергем”, – дейт Сурабалдиева.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом