Бишкек соода орундарынан түшкөн жалпы кирешенин 60 пайыздан ашыгын камсыздайт. Базарларга талдооКыргызстанда Улуттук лабораториялык кызмат түзүлөтЫр, сүрөт жана башка чыгармаларды күрөөгө коюп насыя берүүнү киргизүү сунушталуудаПрезиденттик шайлоону өткөрүү боюнча кайрылуу: кармалган саясатчылар 2 айга камалды«Кыргызстан аэропорттору» менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кызматташатЭки министрдин жолугушуусу: Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчылары эмнелерди талкуулашты?
Россияда эки кыргыз жарандын 4 млн долларын карактап кетишти
10.11.2022 | 17:40
Россиянын “Домодедово” аэропортунда белгисиз жарандар эки кыргызстандык жарандын 4 млн доллар акчасын карактап кетти. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазды.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн болгон. Кыргызстандык жарандар аэропорттун имаратынан чыгып келе жатканда каракчылар автомат менен коркутуп, акчасын алып, Lexus менен Toyota Land Cruiser унааларын айдап качкан. Каракчылар унааны токойго таштап, Chevrolet Tahoe унаасына отуруп кетишкен.
Учурда каракчылар полиция кызматкерлери тарабынан изделүүдө.
Белгилүү болгондой, кыргызстандык жарандар Москвага бизнес сатып алуу үчүн учуп келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом