Казакстанда 24 жыл иштеген. Президентке кайрылган жигитке паспорт тапшырылды

Казакстанда 24 жыл иштеген. Президентке кайрылган жигитке паспорт тапшырылды

Бүгүн, 10-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, өздүгүн тастыктоочу документтери жок экенин, Казакстанда иштеп жатканын айтып президентке паспорт алууга жардам сурап кайрылган Ош облусунун Ноокат районунда 1995-жылы туулган Санжарбек Кадыровго паспорт тапшырды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, ал 24 жылдан бери Казакстанда иштөөгө мажбур болуп, өздүгүн тастыктоочу документтери жок болгон.

Көрүлгөн чаралардын негизинде Кадыровго Кыргызстандын паспортторун (ID-карта жана эл аралык паспорт) тариздөө жана берүү үчүн негиз болгон баштапкы документтер калыбына келтирилген. Кадыровго Кыргызстандын жаранынын паспортун алып берүү маселеси президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө болгон.

2022-жылдын 20-октябрында Санжарбек Кадыров президент Садыр Жапаровго социалдык тармактар аркылуу видеокайрылуу жолдоп, ага Кыргызстандын паспортун алууга көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

«1998-жылы Кадыровдун ата-энеси ажырашып, атасы 3 баласын Казакстанга айыл чарба жумуштарына алып кеткен. Казакстанда Санжарбек Кадыров документинин жоктугунан мектепке барбай, талаада айыл чарба иштери менен алектенип жүргөн. 2010-жылы үй-бүлөлүк келишпестиктерден улам Санжарбек Кадыров үй-бүлөсүн таштап, Алматы шаарында металл буюмдарын чыгаруучу цехтердин биринде иштеп жүргөн. 2021-жылы Кадыровдун атасы коронавирустан каза болуп, сөөгү Алматы облусунун Кайнар айылында жерге берилген», — деп айтылат маалыматта.

Кадыровдун айтымында, 2015-жылдан бери ал Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугуна бир нече жолу барган. Бирок Кыргызстандын паспортун берүү үчүн негиз болуп саналган ата-энесинин жана баштапкы документтеринин жоктугунан паспорт алуу аракетинен майнап чыккан эмес.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>