Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Россияда эки кыргыз жарандын 4 млн долларын карактап кетишти
10.11.2022 | 17:40
Россиянын “Домодедово” аэропортунда белгисиз жарандар эки кыргызстандык жарандын 4 млн доллар акчасын карактап кетти. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазды.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн болгон. Кыргызстандык жарандар аэропорттун имаратынан чыгып келе жатканда каракчылар автомат менен коркутуп, акчасын алып, Lexus менен Toyota Land Cruiser унааларын айдап качкан. Каракчылар унааны токойго таштап, Chevrolet Tahoe унаасына отуруп кетишкен.
Учурда каракчылар полиция кызматкерлери тарабынан изделүүдө.
Белгилүү болгондой, кыргызстандык жарандар Москвага бизнес сатып алуу үчүн учуп келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом