Кемпир-Абад: Сот кармалгандарды камакта калтырды — видео

Кемпир-Абад: Сот кармалгандарды камакта калтырды — видео

Бишкек шаардык сотунда 9-10-ноябрда «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган саясатчы, укук коргоочу жана активисттердин баш коргоо чараларын өзгөртүү боюнча жактоочулардын арызы каралды.

Сот алардын кармалышын мыйзамдуу деп таап, 20-декабрга чейин камакта калтырды:

— Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулова,

— БШКнын экс-мүчөсү Гүлнара Журабаева,

— Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жеенбеков,

— Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева,

— Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Кадыров,

—  Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Кеңешбек Дүйшебаев,

—  Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Бектур Асанов,

— активист Перизат Суранова,

— укук коргоочу Рита Карасартова,

— блогер Али Шабдан,

— активист Улугбек Маматаев,

— жарандык активист Айбек Бузурманкулов.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>