Бишкек – Ош жолунда 6 адам каза болгон жол кырсыктын чоо-жайы
Бишкек – Ош жолундагы кырсык алты адамдын өмүрүн алды. Reporter.kg′ге Жалал-Абад облустук ЖККБ бөлүмүнөн билдиришкендей, жол кырсык Ош—Бишкек унаа жолунун 374-чакырымында, тактап айтканда Кара-Көл шаарынын аймагында 19-ноябрда саат 10:00 чамасында катталган.
Кадамжай районунун 1969-жылы туулган тургуну А.Ж башкарып бара жаткан “Форд Транзит” унаасы Кара-Суу районунун 1992-жылы туулган тургуну Н.А, башкарып бара жаткан жүк ташуучу унаа кагышкан.
Жол кырсыктын кесепетинен “Форд Транзит” унаасындагы 6 адам каза болгон:
– 1972-жылы туулган Г.Г.
– 1994-жылы туулган М.уулу Р.
– 1967-жылы туулган Ш.С.
– 1972-жылы туулган И.Ш.
– 1969-жылы туулган А.Ж. (айдоочу)
– Дагы бир аялдын өздүгү аныкталууда.
Ушул эле унаада бара жаткан 2003-жылы туулган С.М, 1993-жылы туулган М.уулу А., 1995-жылы туулган Н.А. Фергана өрөөнүнүн тургундары болушкан. Алар ооруканага жеткирилген.
[image_carousel source=”media: 165439,165440,165441″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз