Күйөөсү сабаган аял кайын атасын өлтүргөн: Соттун өкүмү чыкты

Күйөөсү сабаган аял кайын атасын өлтүргөн: Соттун өкүмү чыкты

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда күйөөсү тарабынан токмок жеген аял кайын атасын өлтүрүп, 8,5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу райондук соттун өкүмүндө айтылат.

Маалыматка караганда, окуя Барпы айыл аймагында болгон. Ушул жылдын 19-март күнү медресеге бара турган кызына апасы эркектин кийимин кийгизгенинен улам жубайлардын ортосунда чыр чыккан.

«Экөөбүз уруша кетип, мен аны бетке чаптым. Ошондон кийин ал ашкана бычагын алып, мени көздөй бет алды. Мен бычакты алып, жерге жаткырып, үстүнө отурдум. Ошол учурда үйгө ата-энем кирип келишти. Атам мага аялымдан түш деп айтты. Мен түштүм. Аялым ордунан туруп бетиме бир чапты. Муну көргөн атам туура эмес кылганын деди. Жооп катары аялым атама жаман сөздөрдү айтты», — деди айыпталуучунун күйөөсү.

Андан ары эркектин айтымында, аял ашкана бычагын алып, өлтүрөм деп коркутуп көчөгө чуркап чыгып, кайын атасынын унаасынын алдыңкы айнегин кирпич менен талкалап салган. Андан кийин ал кайын атасын көздөй таш ыргытып, башына чаап, кийин ал адам алган жаракатынан улам каза болгон.

Анын айтымында, жабырлануучуну дароо ооруканага алып барышкан эмес. Ал эсин жоготкондон кийин гана дарыгерлерге кайрылышкан. Ооруканадан ал кишинин каза болуп калганын айтышкан.

Туугандарынын ортосундагы чыр-чатакка айыпталуучунун агасы күбө болуп, ал жерге эжесинин чакыруусу менен келген. Ал белгилегендей, аял күйөөсү жана анын ата-энеси тарабынан сабалган.

«Мен барганда эжемдин колунда бычак бар экен. Ал аны күйөөсү өлтүрөм деп коркуткандан кийин кармап алганын түшүндүргөн», — деди соттолгондун бир тууганы.

Айыпталуучунун жакындары да алардын кызына шилтеме жасап, күйөө баласы баңгизат колдонгонун айтышкан. Ал эми чыр-чатак тыюу салынган заттардын айынан тутанган. Сотто айыпталуучу көрсөтмө берүүдөн баш тартып, кайын атасын өлтүргүсү келбегенин, ташты күйөөсү тарапка ыргытканын белгилеген. Жашы жете элек кызы бар экенине байланыштуу жаза мөөнөтүн жылдырууну суранган.

Ишти карап, Сузак райондук соту аялды Кылмыш-жаза кодексинин 280-130-беренелери («Бейбаштык» жана «Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү») боюнча күнөөлүү деп таап, 8,5 жылга эркинен ажыратты. Моралдык компенсация катары маркумдун өкүлүнүн пайдасына 100 миң сом өндүрүп берген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: сот сузак

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>