Ысык-Көлдө бүркүт сатып жаткан жаран кармалды

Ысык-Көлдө бүркүт сатып жаткан жаран кармалды

Ысык-Көлдө жырткыч кушту сатып жаткан жеринен Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 18-ноябрда Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлерине белгисиз жаран Балыкчы шаарынын четинде жырткыч кушту сатууга аракет көрүп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул маалымат боюнча милиция кызматкерлери тарабынан жырткыч кушту сатууга аракет кылган жаранды аныктоо боюнча ыкчам издөө иштери колго алынып жүргүзүлдү.

Издөө иштеринин натыйжасында, болжол менен бүркүт жырткыч кушун сатып жаткан жеринен Чүй облусунун 51 жаштагы тургуну М. Н. кармалган. Текшерүү жүргүзүү учурунда, аталган жаранда сатууга тиешелүү уруксат документтери жок болуп чыкты.

Аталган факты Балыкчы ШИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, мыйзам чегинде чечим кабыл алуу үчүн топтолгон иш кагаздар шаардык милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда тергөөгө чейинки иш-чаралары өтүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: бүркүт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>