Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болот
Быйыл 10 айда Өзбекстанга 1,1 млн кыргызстандык эс алууга барган
22.11.2022 | 17:06
Быйыл январь-октябрь айларында Өзбекстанга 1,1 млн кыргызстандык эс алууга барган. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, быйыл 10 айда Өзбекстанга туристтик максатта эң көп Казакстандын жарандары барган. Алардын саны 1 млн 255,4 миң кишиге жеткен.
Быйыл 10 айда Өзбекстанга жарандары көп барган өлкөлөр:
- Казакстан – 1 млн 255,4 миң,
- Тажикстан – 1 млн 116,1 миң,
- Кыргызстан – 1 млн 100,5 миң,
- Россия – 471 миң,
- Түркия – 60,9 миң,
- Түштүк Корея – 15,9 миң,
- Германия – 15,9 миң,
- АКШ– 11,5 миң,
- Индия – 11,2 миң,
- Франция – 10,1 миң,
- Азербайжан – 8,4 миң,
- Израиль – 10 миң,
- Улуу Британия – 9,2 миң,
- Италия – 7,9 миң,
- Испания – 5,7 миң.
Кыргызстанга жарым жылда 1 млн өзбекстандык жаран эс алууга келген
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом